Нарын облусунда балдардын 66,4% бала бакчага тартылган

 Нарын облусунда балдардын 66,4% бала бакчага тартылган
Бүгүн, 1-июнда Нарын шаарында “өкмөттүк акселератор” программасынын алкагында үй тибиндеги 10 орундуу бала бакча ачылды. Мындай бала бакчалардын дагы бир нечеси ишке кирээри мерчемделүүдө.
Иш чарага КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Шабдан Абдырайым уулу катышты.
Аталган программанын максаты жеке ишкерлерди тартуу жолу менен үй тибиндеги жеке бала бакчаларды ачып, балдар бакчаларынын тартыштык маселесин чечүүгө көмөк көрсөтүү болуп саналат.
Программанын алкагында ыйгарым укуктуу өкүлдүн буйругу менен Нарын шаарында, Ат-Башы, Жумгал райондорунда үй тибиндеги бала бакчалар ачылды. Анын натыйжасында бала бакчага тартылбаган балдардын саны азайып, кошумча жумуш орундары түзүлдү.
Белгилей кетсек, учурда Нарын облусунда 145 бала бакча бар. Облус боюнча бакча жашындагы балдардын саны 22777. Бакчага тартылганы 15128, же 66,4 пайызды түзөт. Ал эми 11951 бала, же балдардын 33,6 пайызы бакчага тартылган эмес.

Связанный пост