Нарын облусунда 151 дарыгер жетишпейт

 Нарын облусунда 151 дарыгер жетишпейт

Нарын облусунун жетекчиси Алтынбек Эргешов КР Министрлер Кабинетинин отчеттук жыйынында 2023-жыл ичинде аткарылган иштер боюнча маалымат берүү менен бирге 2024-жылга мерчемделген иштердин планы менен бөлүштү. Бул тууралуу КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады.

Алсак, өнөр жай тармагында 2024-жылы региондук дүң продукциянын көлөмүн 32 миллиард сомго жеткирүү;

Өнөр жай продукциясынын көлөмүн 4 миллиард 827,1 миллион сомго жеткирүү;

100 жаңы ишкана ачып, 1000 жумуш орундарын түзүү;

Тике чет өлкөлүк инвестициянын көлөмүн 4 миллиард 500 миллион сомго жеткирүү;

“Датка-Кемин-Нарын-Топугарт-Кытай” 500 килловольттук электр линиясын куруу долбоорун баштоо;

5 чакан ГЭСтин, 2 күн электр станциясынын жана 2 шамал электр станциясынын курулуш иштерин баштоо;

 

Айыл чарба тармагында:

Айыл чарба продукцияларынын дүң өндүрүмүн 30 миллиард 492,1 миллион сомго жеткирүү;

Мөмө-жемиш кластерин түзүү менен 100 гектар аянтка малина, карагат, чычырканак айдоо;

Кыргыз Республикасынын 2017-2026-жылдагы туруктуу өнүгүү стратегиясына кирген Жумгал районундагы Түгөл-Сай өзөнүнө БСР жана Кочкор районундагы Шамшы БДРинин курулуш иштерин улантуу. Ишке берилиши менен 4294 га жерге сугат жетип, 3155 га жаңы жер өздөштүрүлөт;

Айыл чарба жерлерин кошумча өздөштүрүү максатында мамлекет тарабынан өзү агып чыгуучу “Куланак” каналын куруу иштерин улантуу. Куланак ГЭСинин ишке берилиши менен Куланак каналы дагы ишке берилип 7200 гектар жерге суу жетип, 2212 гектар жаңы жер өздөштүрүлөт;

 

Курулуш тармагында:

«Нарын реновация» долбоорун ишке ашыруу;

15 социалдык обьекттерди пайдаланууга берүү;

12 таза суу системаларынын курулуш иштерин аяктоо;

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу (ЦОН, ЦОП, «Теңир-Тоо сити);

 

Социалдык тармакта:

Билим берүү: ЖРТ 65,0% чыгаруу (53,0%);

 

Саламаттык сактоо: дарыгерлердин жетишсиздигин 50% кыскартуу (151/70 ваучер, турак-жай ж.б);

 

Үй-бүлөгө көмөк: жөлөк пул алуучулардын санын 20% кыскартуу (жумуш орундарын түзүү);

 

Маданият тармагын реформалоо (китепкана, кинотеатр, музей, маданият инфратүзүмүнүн шарттары жакшырат);

 

Туризм тармагын өнүктүрүү (глемпинг, рест поинтерди куруу) иштери пландалууда.

Связанный пост