Нарын облусуна эки айда 107,8 млн сом бөлүндү
Нарын облусу боюнча 2024-жылдын 2 айынын ичинде республикалык бюджеттин эсебинен жалпысынан бюджеттер аралык трансферттер – 82,7 млн сом өлчөмүндө каржыланды.
Финансы министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен:
- теңдөөчү трансферт – 61,8 млн сом;
- айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө – 3,3 млн сом;
- электрэнергия болгон 50% компенсациясына – 17,6 млн сом;
Мындан тышкары, Нарын облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөттөр) электр энергиясына кеткен чыгымдардыкаржылоого республикалык бюджеттен- 25,1 млн сом бөлүнүп берилди.