Нарын дарыясына экскаватор менен кирип кеткен адам изделүүдө

 Нарын дарыясына экскаватор менен кирип кеткен адам изделүүдө

КР ӨКМдин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам нөөмөт кызматына 2-июлда саат 15:22 чамасында Куланак айылындагы Куланак насостук станциясынын башкы курулмасындагы суу бөлүштүргүчтө иш жүрүп жаткан экскаватор 68 жаштагы Ө. Ү. аттуу айдоочусу менен Нарын дарыясына кулап, шар сууга кирип кеткендигин билдирген. Мындан улам Нарын шаардык жана райондук №16 ӨККБдөн 5 куткаруучу АК унаасы менен издөө иштерине чыгышкан.

Буга кошумча Нарын РИИБнден 3 кызматкер, суу чарба башкармалыгынан 12 кызматкер, 1 бирдик жүктөгүч, 1 бирдик КаМаЗ, 1 бирдик экскаватор тартылды.

Түн кирип кеткендигине байланыштуу издөө иштери токтотулуп, бүгүн кайрадан таң эрте №16 ӨККБдөн 19 куткаруучу Куланак айылына издөө иштерине чыгышты.

Ошондой эле суу чарба башкармалыгынан 25, ИИБден 5 адам жана жалпы 10 инженердик техника тартылды. Издөө иштери тууралуу кошумча маалымат берилет.

Связанный пост