Мырза-Аке айылында 60 орундуу заманбап оорукана курулду
Өзгөн районуна караштуу Мырза-Аке айылында 60 орундуу заманбап оорукана курулду. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай -коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Курулуш долбоор 2023-жылы башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган. Жалпы тендердик баасы 133 млн сомду түздү.
Үч кабаттуу жаңы имарат бардык курулуш нормаларына жана стандарттарына жооп берет. Оорукана атайын медициналык жабдуулар менен толук жабдылып, келечекте жергиликтүү тургундарга жеткиликтүү медициналык кызмат көрсөтүүгө шарт түзөт.