Мугалимдерге сыйлык берүү автоматташтырылды
Кыргызстанда педагогикалык кызматкерлерге ведомстволук сыйлыктарды ыйгаруу процесси биринчи жолу санариптештирилди. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.
Бүгүн министр Догдуркүл Кендирбаеванын катышуусунда өткөн жыйында “Мугалим” автоматташтырылган маалыматтык системасынын базасындагы жаңы санариптик механизм көрсөтүлдү.
Эми сыйлыкка талапкерлерди тандоодо адам фактору толугу менен жоюлуп, чечимди система автоматтык түрдө кабыл алат. Мугалимдер өз жетишкендиктерин жеке кабинети аркылуу жүктөшөт. Система маалыматтарды текшерип, бекитилген критерийлер боюнча баллдарды өзү эсептейт.
Квалификацияны жогорулатуу, методикалык иштелмелер, кесиптик ийгиликтер жана конкурстарга катышуу сыяктуу көрсөткүчтөр эске алынат.
Министр бул кадам президент Садыр Жапаровдун коррупцияны жана бюрократияны санариптештирүү аркылуу жоюу тапшырмасынын алкагында ишке ашырылганын белгиледи.
Жаңы механизм алгачкы жолу быйылкы Акыркы коңгуроо салтанатында колдонулуп, мыкты мугалимдер ортомчусуз жана адилеттүү тартипте сыйланмакчы.