Өзгөн районунда диний объектилердин каттоосу толук бүттү

 Өзгөн районунда диний объектилердин каттоосу толук бүттү
Өзгөн районунда диний объектилердин каттоосу толук бүттү. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.
Ош облусунун Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров Өзгөн районунун акиминин орун басары Рахим Мырзакулов менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө райондун баш имам-хатиби мечиттерди эсептик каттоодон өткөрүүдө зор жардам бергендигин айтып, өз ыраазычылыгын билдирди.
«Буйруса районубузда мечиттердин каттоосу бүттү. Бул иште сиздердин салымыңыздар өтө чоң. Сиздер бизге жакындан жардам көрсөтүп, кыйынчылыгыбызды жеңилдеттиңиздер. Мындан ары да бири-бирибизге көмөктөшүп, ийгиликтерге себепчи боло берели», – деди Акжол ажы Бакиров.
Райондун акиминин орун басары Рахим Мырзакулов каттоо иштеринде талыкпай кызмат кылып, жигердүү иш алып баргандыгы үчүн райондук хатибияттын кызматкерлерине ыраазычылык билдирди. Ошондой эле мындан ары да биргеликте иш алып баруу максатында жыл аягына чейин райондун аймагындагы жалпы мектептердин окуучулары менен жолугуп, адеп-ахлак, зордук-зомбулуктун алдын алуу жана жаштар арасында кылмыштуулукту болтурбоо боюнча лекцияларды өткөрүү пландалды.
Белгилей кетсек, Муфтият жетекчилиги өлкөдөгү баш имам-хатибдердин 2022-жылдагы аткарган иштери боюнча жылдык отчётторун угуп, анын жыйынтыгында Өзгөн районунун баш имам-хатибине КМДБнын Ардак грамотасы ыйгарылган. Ошондой эле Кара-Суу хатибиятынын ишмердүүлүгү да жогору бааланган.

Связанный пост