МСК: 1-сентябрга чейин турак үй жана үй жанындагы жер участокторуна салык төлөө керек

Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөргө бир катар салыктарды төлөө мөөнөтү жакындаганын эскертет.
Ушул жылдын 1-сентябрына чейин төмөнкү салыктарды төлөө керек:
– турак үйлөргө, батирлерге салык (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган),
– үй жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарба жер участокторуна салык.
Салыкты өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом өлчөмүндө айып каралган.
Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номеринен же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.