МСК: 1-августтан тарта камсыздандыруу полистерин сатып алуу тартиби өзгөрөт

 МСК: 1-августтан тарта камсыздандыруу полистерин сатып алуу тартиби өзгөрөт

Мамлекеттик салык кызматы 1-августтан тарта камсыздандыруу полистерин сатып алуу аркылуу камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө шарттары өзгөрөрүн эскертет.

Тиешелүү өзгөртүүлөр министрлер кабинетинин 2025-жылдын 15-июлундагы № 413 токтомуна ылайык, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө жана төлөө тартиби жөнүндө” нускамасына киргизилди.

Жаңы ченемдерге ылайык, 2025-жылдын 1-августунан тартып камсыздандыруу полиси төмөнкү учурларда алынат:

  • отчеттук ай үчүн ишти жүргүзүүгө киришүүдөн мурун;
  • отчеттук мезгил үчүн кийинки айдын ичинде.

Буга байланыштуу Салык кызматы камсыздандыруу полистерин сатып алуу жолу менен камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөн төлөөчүлөргө мөөнөттөрдү бузбоо үчүн полисти алдын ала тариздөөнү сунуштайт.

Эскерте кетсек, отчет өз убагында берилбесе жана/же камсыздандыруу төгүмдөрү төлөнбөсө, мыйзамдарга ылайык айыптар жана башка санкциялар колдонулат.

Связанный пост