Москвада Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү

 Москвада Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 25-майда, Москва шаарында Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) кезектеги жыйынына катышты.

Иш-чара Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин төрагалыгы астында, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко, Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин, Армениянын Премьер-министри Никол Пашиняндын катышуусунда өттү.

Ошону менен катар жыйынга ардактуу мейман катары Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев, ЕАЭБ байкоочу-өлкөлөрдүн лидери катары видео байланыш режиминде Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев кошулуп жана Кубанын Президенти Мигель Диас-Канель видео кайрылуу жасады.

Андан соң Президент Владимир Путин ЖЕЭК жыйынына катышуучу-меймандарга – Азербайжан Президенти Ильхам Алиевге жана жыйынга видео байланыш режиминде кошулган Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмонго сөз берди.

Жыйында евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары, Биримдиктин эл аралык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары жана башка актуалдуу маселелер каралды.

ЖЕЭКтин кезектеги жыйынынын жыйынтыгында ЕАЭБ алкагында экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана интеграцияны андан ары тереңдетүүгө багытталган бир катар чечимдер жана документтер кабыл алынды жана кол коюлду.

Связанный пост