Москвада Кыргызстандык өндүрүшчүлөрдүн «Караван Экспо» көргөзмөсү өтүүдө
![Москвада Кыргызстандык өндүрүшчүлөрдүн «Караван Экспо» көргөзмөсү өтүүдө](https://eltr.kg/wp-content/uploads/2022/11/bf2be0bb-e3e3-3c26-940e-838f3d1e4e10-3-850x560.jpeg)
«Караван Экспо» көргөзмөсү 17,18,19-ноябрь күндөрү Москва шаарынын Өкмөт үйүнүн имаратында өтөт. Ага Кыргызстандан 40ка жакын компания, негизинен тигүү жана текстиль тармагынын өкүлдөрү катышууда.
Көргөзмөнүн 17-ноябрдагы ачылыш аземине КРнын РФдагы элчиси Гулнара-Клара Самат катышты. Ал өз сөзүндө Россия Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү болуп саналарына катышуучулардын көңүлүн буруп, эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин оң динамикасын канааттануу менен белгиледи (2022-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу товар жүгүртүү 35%га өстү).
Иш-чара КРнын РФдагы Элчилигинин көмөгү менен Компания “Экспо Девелопмент”, Бизнес-платформа «Табарман», россиялык “Кыргыз Конгресси”, Соода-өнөр жай палатасынын КРнын РФдагы өкүлү тарабынан уюштурулган.