МинКаб Төрагасы Нарын облусундагы бир катар объектилердин курулуш долбоорлору менен таанышты
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Нарын облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Кочкор айылындагы социалдык жана инфраструктуралык объектилер курулуш долбоорлору менен таанышты.
Тактап айтканда, МинКаб Төрагасына 2024-жылга Нарын облусунда пландалып башталган объектилерди куруу жана реконструкциялоо боюнча маалымат берилди. Планга жалпысынан 64 объект киргизилген.
Анда жаңы автобекет, көпүрө, мектеп, турак-жай комплекси, спорт комплекси, мал базар куруу жана жолдорду реконструкциялоо боюнча пландар презентацияланды.