Минкаб төрагасы КРдагы БУУ системасынын Туруктуу координатору Антье Граве менен жолугушту
Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасындагы Бириккен Улуттар Уюмунун системасынын Туруктуу координатору Антье Граве менен анын өлкөдөгү миссиясынын аякташына байланыштуу жолугушту.
Жолугушууда Кыргыз Республикасы менен Бириккен Улуттар Уюмунун системасынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери жана мындан аркы кызматташтыктын келечеги талкууланды. Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу багыттарын ишке ашырууда БУУ системасынын маанилүү ролун белгилеп, конструктивдүү кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирди.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы быйыл болгон тарыхый окуяны – Кыргызстан тарыхында биринчи жолу 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланганын белгиледи. Ошондой эле жолугушууда туруктуу өнүгүүгө, калктын бакубаттуулугун жогорулатууга, адамдык потенциалды өнүктүрүүгө жана өлкөнүн институционалдык мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоого багытталган биргелешкен долбоорлорду жана программаларды ишке ашыруу маселелерине көңүл бурулду.
Кыргыз Республикасындагы БУУ системасынын Туруктуу координатору Антье Граве анын өлкөдөгү ишмердүүлүк мезгили мамлекеттеги масштабдуу реформаларга, өзгөрүүлөргө жана ийгиликтерге туш келгенин белгиледи. Ал жемиштүү кызматташтыктын жыйынтыгында артыкчылыктуу чөйрөлөрдө бир катар биргелешкен демилгелер ишке ашырылып, өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформаларга колдоо көрсөтүлүп, туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүдө көмөк болгонун белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өнөктөштүктү мындан ары чыңдоого жана биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга кызыкдар экендиктерин баса белгилешти.
Жолугушуунун соңунда Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев БУУ системасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы өнөктөштүктү чыңдоого кошкон жеке салымы, жогорку кесипкөйлүгү жана өлкөнүн мамлекеттик органдары менен жемиштүү өз ара аракеттенүүсү үчүн Кыргыз Республикасындагы БУУ системасынын Туруктуу координатору Антье Гравеге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасын тапшырды.