Минкаб төрагасы: Биз 1 триллион сомдук чекке ишенимдүү түрдө жакындап калдык

 Минкаб төрагасы: Биз 1 триллион сомдук чекке ишенимдүү түрдө жакындап калдык

Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Министрлер Кабинетине караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча Координациялык кеңештин жыйынын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн негизги макроэкономикалык сценарийлери талкууланды, ошондой эле Экономика жана коммерция министринин отчету угулду.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы белгилегендей, экономикалык туруксуздуктун жана белгисиздиктин шартында айрым эл аралык институттар буга чейин Кыргыз Республикасынын ички дүң продуктусунун төмөндөшүн (Дүйнөлүк банк – 5,0%га, Эл аралык валюта фонду – 0,9%га басаңдашын) болжолдоп келишкен.

“Бул божомолдорго карабастан, улуттук экономиканын өсүү темпи бүткүл отчеттук мезгилде оң динамикасын көрсөттү. 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн ИДПсы алдын ала статистикалык маалыматтар боюнча 919,4 млрд сомду түзүп, реалдуу өсүү темпи 107,0%ды түздү. Муну менен биз 1 триллион сомдук чекке ишенимдүү түрдө жакындап калдык”, — деди Акылбек Жапаров.

Минкаб башчысы кошумчалагандай, быйыл Эл аралык валюта фонду Кыргыз Республикасынын экономикасынын өсүү болжолун кайра карап чыккан анда 2023-жылы 3,2%дан 3,5%га жана 2024-жылы 3,8%га чейин болот. Ошондой эле Дүйнөлүк банк ата мекендик экономикага карата болжолун жакшыртты (2023-жылга өсүү мурдагы 3,4%дын ордуна 3,5% деңгээлинде болжолдонууда, 2024-жылга өсүү 4% деңгээлинде болжолдонууда).

Отурумдун жыйынтыгында орто мөөнөттүү мезгилге (2024-2028-жылдарга) Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн сунушталып жаткан базалык сценарийин колдоо чечими кабыл алынды, ага ылайык 2023-жылга экономиканын өсүү темпи 104,5% деңгээлинде күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын апрель айында түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча Координациялык кеңеш макроэкономикалык жана инвестициялык саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча макулдашылган чечимдерди кабыл алууну камсыз кылуучу консультациялык-кеңеш берүүчү орган болуп саналат.

Связанный пост