МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров: Кыргызстан чет элдик инвесторлор үчүн ЕАЭБ өлкөлөрүнүн, Кытайдын жана Евробиримдиктин рыногуна кирүүдө ачык иштей алат жана ага даяр

Кыргызстан чоң инвестициялык потенциалга ээ болуу менен чет элдик инвесторлор үчүн ЕАЭБ өлкөлөрүнүн, Кытайдын жана Евробиримдиктин рынокторуна кирүүдө ачык иштей алат жана ага даяр. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасы – Кытай (Шаньдун) ортосундагы корпоративдик кызматташуу боюнча конференциянын жүрүшүндө билдирди.

 

МинКаб Төрагасы ошондой эле “Кыргыз Республикасы Борбордук Азиядагы маанилүү транзиттик пункт болуп саналат, ал транспорттук-логистика тармагындагы инвесторлор үчүн жагымдуу”, – деп белгиледи.

 

Мындан тышкары, ал республиканын эбегейсиз туристтик потенциалын баса белгилеп, кытайлык өнөктөштөрдү туризм тармагына инвестиция салууга чакырды.

 

Акылбек Жапаров ошондой эле Кыргыз-кытай ишкерлер кеңешин жана Экономикалык мүмкүнчүлүктөр фондун түзүүнүн актуалдуулугун белгиледи.

 

МинКаб Төрагасы Кыргыз Республикасынын агрардык тармагындагы потенциалына өзгөчө көңүл буруп, ата мекендик айыл чарба продукциясын ЕАЭБ өлкөлөрүнө, Европа Биримдигине жана Жакынкы Чыгышка экспорттоонун көлөмүн көбөйтүү зарылдыгын белгиледи.

 

Бул багытта МинКаб Төрагасы айыл чарба продукциясын өндүрүү боюнча биргелешкен ишканаларды түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Өз сөзүндө МинКаб Төрагасы глобалдык климаттын өзгөрүүсү жана айлана-чөйрөнү коргоо, анын ичинде жашыл энергетика боюнча кызматташуунун келечегине дагы көңүл бурду.

 

“2050-жылга чейин Кыргызстан жашыл өнүгүү платформасында көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүүгө аракет кылат. Бул саясаттын кыймылдаткыч күчү энергиянын кайра жаралуучу булактары, биринчи кезекте күн жана шамал энергитикасы болот. Биздин өлкө энергиянын кайра жаралуучу булактары жаатында жогорку потенциалга ээ, – деп белгиледи ал.

 

Санариптештирүү жаатында кызматташуунун алкагында МинКаб Төрагасы өз ара аракеттенүүнүн бир катар багыттарын белгиледи, анын ичинде инновациялык кластерлерди жана технопарктарды өнүктүрүү, стартаптарды инкубациялоо жана тездетүү, мамлекеттик башкарууга алдыңкы чечимдерди киргизүү, мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү жана санариптик ишкердиктин жаңы моделдерин түзүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу.

 

Сөзүнүн аягында МинКаб Төрагасы тышкы инвестицияларды тартуу жана жагымдуу инвестициялык климатты түзүү Кыргыз Республикасынын экономикалык саясатынын туруктуу экономикалык өсүү жолунда негизги приоритети болуп саналат деп жыйынтыктады.

Связанный пост