МинКаб маданият үйлөрүнүн жана айылдык китепканалардын ишмердигин реформалоо жана өркүндөтүү жөнүндө тескеме кабыл алды

Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократиядан арылтуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында, маданият үйлөрүнүн жана айылдык китепканалардын ишмердигин реформалоо жана өркүндөтүү жөнүндө тескеме кабыл алды.
Тескемеге ылайык, сактоого тийиш болгон китепканалардын тизмесине киргизилген китепканаларды кошпогондо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын балансында турган китепканаларды кайра уюштурулат же жоюлат.
Мунун себеби, иштеп жаткан китепканалар да окурмандардын аздыгынан жапа чегишет. Зыяратчылардын жана жазылуулардын саны жөнүндө маалыматтар көбүнчө туура эмес жана бурмалап берилет, бул китепканалардын ишмердүүлүгү жөнүндө нааразылык иллюзияларын түзүүгө алып келет. Маалыматтык технологиялардын заманбап өнүгүшүнүн жана санариптик ресурстардын тез өсүшүнүн шартында китепканалар, өзгөчө айыл жерлеринде олуттуу кыйынчылыктарга туш болууда. Ушуга байланыштуу бюджеттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана айыл калкы үчүн маалыматтын жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу максатында китепкана тармагын оптималдаштыруу боюнча чараларды көрүү зарылдыгы келип чыгууда.
Ушул эле тескеме менен райондук маданият үйлөрүн жана айылдык клубдарды реформалоо каралган. Бул максатта Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине типтүү көп функциялуу маданий борбордун концепциясынын долбоорун иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.