МинКаб кезектеги жыйыны: Бишкек шаарындагы бир катар обьектилер мэриянын карамагына өттү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйынын өткөрдү.

Жыйында жалпысынан 16 маселени карашты. Алсак, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү борбор калаадагы «Чыгыш автобекетинин имаратын Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө» токтомунун долбоорун жактырышты. Мындай чечим, мамлекеттин менчигинде турган кыймылсыз мүлктү натыйжалуу пайдалануу, Бишкек шаарынын экологиялык кырдаалын жана архитектуралык көрүнүшүн жакшыртуу максатында кабыл алынды.

Ошондой эле, Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин Бишкек шаарындагы аянты 1,14 га, болгон тиешелүү жер участогу менен мамлекеттик менчикте турган административдик имаратты мектепке чейинки билим берүү мекемесин уюштуруу үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине акысыз өткөрүп берүү боюнча токтом кабыл алынды.

МинКаб жыйынында “Бишкек жылуулук тармактары” мекемесинин филиалдарын жана ошондой эле, Бишкек жылуулук электр борборун мэриянын карамагына өткөрүү боюнча маселе да жактырылды. МинКаб башчысы Акылбек Жапаров Бишкек шаардык мэриясы, Финансы министрлиги жана Энергетика министрлиги менен биргеликте бир айдын ичинде өткөрүп алуу иштерин бүткөрүүнү тапшырды.

МинКаб мүчөлөрүнүн кароосуна «Мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилерин камсыз кылуунун жана ишин уюштуруунун негизги маселелери жөнүндө» токтомунун долбоору сунушталып, бир добуштан колдоого ээ болду. Ага ылайык, 5 же андан көп жыл иштеген мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилери ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып ээлеген кызмат ордунан бошотулду деп эсептелинип, жетекчиликке кадрларды тандоо сынактын негизинде жүргүзүлөт.

Мындан тышкары МинКаб жыйынында Кыргыз Республикасынын аймагындагы төмөнкү өсүмдүктөрдүн: макротомия (Macrotomia DC), арнебия (Arnebia Forssk), ясенец (Dictamnus L), аконит (Aconitum L) жана афлатун пиязы (Allium aflatunense B.Fedtsch) түрлөрүнөн дары-дармек, техникалык, тамак-аш өсүмдүк сырьесун даярдоого, жыйноого үч жылга убактылуу тыюу салуу (мораторий) киргизүү боюнча токтом кабыл алынды.

Ошондой эле, Министрлер Кабинетинин жыйынында МинКаб Төрагасы мамлекеттик органдардын жетекчилерине бир катар тапшырмаларды берди.

Связанный пост