Минкаб башчысы Венгриянын элчисин Ардак грамота менен сыйлады

Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Мажарстандын Кыргыз Республикасындагы Өзгөчө жана Ыйгарым укуктуу элчиси Шандор Дорогини өлкөдөгү дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Шандор Дорогиге Өзгөчө жана Ыйгарым укуктуу элчи катары жемиштүү иши үчүн ыраазычылык билдирип, эки тараптуу кызматташтыкты бир кыйла жандандырууга кошкон жеке салымын белгилеп, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы менен сыйлады.

МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев өзгөчө белгилегендей, акыркы жылдары өлкөлөрдүн ортосунда бекем институционалдык база түзүлүп, жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги бир катар маанилүү өз ара сапарлар болуп өттү, алар стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү үчүн узак мөөнөттүү пайдубал түздү. Соода-экономикалык өз ара аракеттенүү боюнча талкуунун жүрүшүндө тараптар товар жүгүртүүнүн өсүшүнүн оң динамикасын канааттануу менен белгилешти.

Тараптар маданий-гуманитардык багытка өзгөчө көңүл бурушту. Адылбек Касымалиев “Стипендиум Хунгарикум” (Stipendium Hungaricum) билим берүү программасынын ийгиликтүү ишке ашырылгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди, анын алкагында венгер тарабы жыл сайын Кыргызстандан келген студенттер үчүн 200 окуу квота бөлүп берет.

Мындан тышкары, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Мажарстан тарабын ушул жылдын сентябрь айында Кыргызстанда өтө турган Көчмөндөрдүн алтынчы Дүйнөлүк оюндарына катышууга чакырды.

Өз кезегинде, Элчи Шандор Дороги өлкө жетекчилигине, ошондой эле Министрлер Кабинетинин башчысына Бишкектеги дипломатиялык ишмердүүлүгү учурунда көрсөткөн ар тараптуу жардамы жана колдоосу үчүн чын дилинен ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун соңунда Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев дипломатка кесиптик ишинде мындан аркы ийгиликтерди каалап, Кыргызстандын эшиги ага ар дайым ачык экенин баса белгиледи.

Связанный пост