МинКаб башчысы транспорт коридорлорун жана авиацияны өнүктүрүү перспективаларына токтолду
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы- Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында транспорт коридорлорун жана авиацияны өнүктүрүүнүн келечегине токтолду.
Анын айтымында, 3 жыл аралыгында республика боюнча жалпы пайдалануудагы 2399,5 чакырым жол оңдолуп, анын ичинде алыскы айылдардагы жолдорду ремонттоо иштери жүргүзүлдү.
Министрлер кабинетинин башчысы Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруунун келечегин белгиледи. Июнь айында Пекинде бул жолду куруу боюнча келишимге кол коюлуп, Бишкекте Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу ишканасынын кеңсеси ачылып, кыргыз тарап 14 миллион доллар бөлгөн.
«Бул жол Кытайдан Европага эң кыска жол: анын узундугу 5470 км. Салыштыруу үчүн, Кытай-Монголия-Орусия-Европа багыты 8650 км, Кытай-Казакстан-Түркмөнстан-Иран-Түркия, андан ары Европа аркылуу 10170 км. Мындан тышкары, биз альтернативдүү транспорт жолдорун издеп жатабыз. Түштүк транспорт коридору: Кыргызстан-Өзбекстан-Түркмөнстан-Каспий-Азербайжан, Россия, Түркия жана Европа багыты боюнча иш жүрүп жатат.
Кыргызстанга товарларды экспорттоо жана импорттоо үчүн Перс булуңунун портторуна чыгууну камсыз кылуу максатында Пакистан-Кытай-Кыргызстан багытында биринчи пилоттук жүк кербени ишке киргизилди», – деди ал.
Акылбек Жапаров ошондой эле «Манас эл аралык аэропорту» ААКнын ийгиликтерин белгиледи. «Асман» авиакомпаниясына 2 учак жана «Эйр кж» авиакомпаниясына бир Beechcraft учагын өз эсебинен сатып алган. Учурда бир учак алынууда, кийинки жылы дагы 2 учак сатып алуу пландалууда.