Минкаб башчысы М.Абдраев атындагы музыкалык мектептин реконструкциялоо долбоору менен таанышты
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Мукаш Абдраев атындагы республикалык орто атайын музыкалык мектеп-интернатындагы билим берүү чөйрөсүн реконструкциялоо жана жакшыртуу долбоору менен таанышты.
Минкаб башчысы 300 орунга эсептелген жаңы жатакананын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Тиешелүү финансылык каражаттар республикалык бюджеттен бөлүнгөн. Объекти үстүбүздөгү жылдын сентябрына чейин бүткөрүү пландалууда.
Акылбек Жапаров Ага-Хан өнүктүрүү тармагынын жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен биргеликте мектептин аймагындагы имараттардын абалы менен таанышты.
Белгилей кетсек, Ага Хан өнүктүрүү тармагы менен кызматташуунун алкагында мектеп-интернаттын билим берүү чөйрөсүн жакшыртуу боюнча демилгелер иштелип чыгууда.
Тактап айтканда, мектеп-интернаттагы окуучулардын жашоо шартын жакшыртууну эске алуу менен мектепти реконструкциялоо жана кеңейтүү, ар кандай маданий шаардык иш-чараларды өткөрүү үчүн чоң концерттик залды куруу.
Мындан тышкары, мектеп-интернаттын окуучулары үчүн спорт аянтчасы курулуп, үн өткөрбөөчү класстарды, репетиция жана окуу кабинеттерин, китепкананы түзүү менен окуу базасы кеңейтилет.
Жыйынтыгында Акылбек Жапаров Ага Хан өнүктүрүү тармагынын көмөгүнүн аркасында, эл аралык класстагы архитекторлорду тартуу менен жаңы концерттик залды долбоорлоону баштоону тапшырды.