МинКаб башчысы азиз жана көрүүсү начар балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү мектеп-интернатына барды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы —Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев, борбор калаадагы азиз жана көрүүсү начар балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү мектеп-интернатына барды.

Иш сапарынын жүрүшүндө Адылбек Касымалиев Кыргызстандын бардык аймактарынан келген окуучулардын окуу жана жашоо шарттары менен таанышты. Мектеп-интернатта Брайль системасын жана жалпак басма шрифтин колдонуу менен билим берүү программалары ишке ашырылууда.

Окутуу 6-7 жаштан баштап 1-класстан 11-класска чейин жүргүзүлөт. Министрлер Кабинетинин Төрагасы окуу корпустарын, жатакананы, окуу устаканаларын, спорттук аянтчаны, ашкананы, спорттук жана жыйындар залдарын жана медициналык пунктту көрүп чыкты. Мектеп-интернаттын жетекчилиги жана педагогикалык жамааты менен жолугушуу болду.

Текшерүүнүн жыйынтыгында 1939-жылдан бери иштеп келе жаткан мектеп-интернат комплекстүү жаңылоону талап кылары белгиленди. Мектептин имаратын көрүп чыгуу учурунда Адылбек Касымалиев бардык зарыл талаптарга жооп берген жаңы заманбап мектеп-интернатын куруу боюнча сунуштарды даярдоону баштоону тапшырды.

МинКаб башчысы ошондой эле жакынкы аралыкта окуу процесси үчүн зарыл болгон атайын жабдууларды (тилкелүү такталар, көрүү жана рельефтүү беттер, 3D-карталар, акылдуу көз айнектер жана таяктар ж.б.) окуучулардын ден соолугунун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен сатып алууну тапшырды.

Связанный пост