Министрлер кабинетинин мүчөлөрү Жогорку Кеңеште ант беришти

 Министрлер кабинетинин мүчөлөрү Жогорку Кеңеште ант беришти

Бүгүн, 15-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн ант берүү аземи болуп өттү.

Белгилей кетсек, Министрлер кабинетинин мүчөлөрү өз милдеттерин аткарууга киришип жатып, Жогорку Кеңеште КР Президентинин жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусунда ант беришет. Министрлер кабинетинин төмөнкү мүчөлөрү ант беришти:

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри – Мелис Тургунбаев;

Саламаттыкты сактоо министри- Алымкадыр Бейшеналиев;

Билим берүү жана илим министри – Догдуркүл Кендирбаева;

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри – Гүлнара Баатырова;

Санариптик өнүктүрүү министри – Динара Кутнаева.

Связанный пост