Министрлер кабинетинин мүчөлөрү “Жамийла” улуттук мюзиклинде болушту
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, ошондой эле министрлер кабинетинин мүчөлөрү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында “Жамийла” мюзиклинде болушту.
Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун повестинин негизинде коюлган мюзикл – оригиналдуу музыка, поэзия, видеоконтент, көркөм жасалга, заманбап сценография, кыргыз элинин салттуу маданияты, фольклордук, хореографиялык жана вокалдык чыгармачылыкты айкалыштырат.