Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйынында саламаттыкты сактоо тармагындагы маселелер кенен талкууланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги алдында Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйыны өткөрүлдү.
Министрлер Кебинетинин бул жолку отурумунда өзгөчө саламаттыкты сактоо тармагындагы маселелерге көңүл бурулду. Анда Саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаев баштаган министрликтин ведомстволук мекемелеринин жетекчилери саламаттыкты сактоо системасынын учурдагы абалы, көйгөйлөрү жана аларды чечүүнүн жолдору, ошондой эле бул тармактын бүгүнкү күнгө чейинки жетишкендиктери тууралуу баяндама жасашты.
Маалыматка ылайык, саламаттыкты сактоо тармагындагы олуттуу маселелерге – өлкөдө дарыгерлердин жетишсиздиги, тагыраагы калкты дарыгерлер менен камсыздоо деңгээлинин төмөндүгү, эмгек акынын аздыгы, айрым медициналык мекемелердин имараттарына капиталдык оңдоодон өткөрүү, ошондой эле медициналык жабдыктар толук жетишсиз экени айтылды.
Улуттук статистика комитетинин маалыматынын негизинде министр Эркин Чечейбаев 2024-жылы 2023-жылга салыштырмалуу калктын жалпы өлүмүнүн көрсөткүчү 2,3%га жогорулаганын билдирди. Өлүмдүн себептеринин тизмесинде мурдагы көрсөткүчтөрдөй эле биринчи орунду – кан айлануунун бузулуусу, экинчи – шишиктер, үчүнчүсү – жаракаттар жана уулануулар, төртүнчүсү – дем алуу органдарынын оорулары.
Ошондой эле, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстанда дарыгерлер менен камсыздоо эң төмөнкү деңгээлде экени айтылды. Медициналык кызматкерлердин жетишсиздигинин негизги себеби айлык акынын аздыгы.
Мындан тышкары, республика боюнча жалпы медициналык мекемелердин 25,8%зы капиталдык оңдоону талап кылат, ал эми 4,6%зы бузууну тагыраагы жаңы имарат курууну талап кылат, мындай жарактан чыккан ооруканалар 30, 100 жыл мурда курулган.
Жогорудагы саламаттыкты сактоо тармагындагы олуттуу маселелерди чечүү үчүн, Кыргыз Республикасынын Президенттин Жарлыгы менен бекитилген 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук программасынын алкагында министрлик 2025-2026-жылдарга карата артыкчылыктуу бир катар багыттар боюнча иштерди жүргүзүүдө.
Эки жыл ичинде министрлик – “Дени сак шаар, айыл аймак, айыл” программаларын ишке ашыруу менен калк арасына ден соолукту чыңдоо жана сергек жашоо образын киргизүү, дарыгерлерге татыктуу эмгек акы төлөө системасын түзүүгө жана коррупциялык тобокелдиктерди жоюуга багытталган ырааттуу иш-чараларды белгилөө, кадрларды даярдоо жана медицина илимин өнүктүрүү боюнча жаңы концепцияны кабыл алуу, “Кыргызстан – медициналык реабилитациянын мекени” жаңы концепциясын ишке ашыруу, ошондой эле “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасын иретке келтирип натыйжалуу иштешине шарт түзүү жумуштарын аткарат.
Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү Саламаттыкты сактоо министрлигинин иши жөнүндө баяндамаларды угуп, талкуулагандан кийин, медициналык кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн түп-тамырынан жакшыртуу, саламаттыкты сактоо системасына калктын ишенимин жогорулатуу жана системалык кемчиликтерди жоюу максаттарына байланышкан протоколду бекитти.
Бекитилген протоколго ылайык, саламаттык сактоо системасынын медицина кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатууга керектөөлөр боюнча тиешелүү эсептөөлөрдү жүргүзүү, саламаттык сактоо уюмдарында кадрлар менен камсыз кылуу маселесин чечүү боюнча сунуштарды киргизүү, дары каражаттарын, медициналык жабдууларды сатып алууга жана саламаттык сактоо объекттерин капиталдык оңдоого бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын максаттуу пайдаланылышын көзөмөлдөөнү күчөтүү, жеке менчик медициналык уюмдарга лицензиялык талаптарды күчөтүү жана жеке менчик медициналык уюмдарда иштеген дарыгерлердин жоопкерчилигин күчөтүү сыяктуу бир катар тапшырмалар коюлду.
МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев, үстүбүздөгү жылдын 6 айдын жыйынтыгы боюнча номиналдуу ИДП 711,2 млрд сомду түзгөнүн, бул экономика эки эсе ылдамдыкта өсүү менен бара жатканын билдирээрин айтты. Ушундай эле багытта медицина тармагында да иштер жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.
“Быйыл саламаттык сактоо тармагында 32 ири объект салынууда, аларга 8,6 млрд сомдон ашык каражат жумшалууда. 2021-жылы саламаттык сактоонун бюджети 26 млрд сомду түзсө, быйыл, 2025-жылга бюджеттен 49 млрд сом караганбыз жана жумшалууда. Бир эле гемодиализ үчүн жыл сайын 2,8 млрддан ашык каражат кетүүдө. 7 облуска 7 МРТ, 4 облуска компьютердик томография алып бердик. Тез жардам машиналарды, мобилдик машинелерди сатып берип жатабыз. Президенттин тапшырмасы боюнча 2026-жылдан тартып саламаттыкты сактоонун айлыктарын көтөрүү маселеси коюлган, бул боюнча иштер алып барылат. Негизи эле саламаттыкты сактоо тармагын жалпы жакшыртуу иштери жүргүзүлөт”, — деди МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев.