Министр Ж.Кулубаев ЖККУга мүчө-мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин салттуу жумушчу жыйынына катышты

 Министр Ж.Кулубаев ЖККУга мүчө-мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин салттуу жумушчу жыйынына катышты

2023-жылдын 20-сентябрында Нью-Йорк шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бириккен Улуттардын Уюмунун Башкы Ассамблеясынын кезектеги сессиясынын алкагында ЖККУга мүчө-мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин салттуу жумушчу жыйынына катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын күн тартиби боюнча кылдат пикир алмашуу болду.

Министр Ж.М.Кулубаев Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын учурдагы сессиясынын Жалпы дебаттарында Кыргызстаныдын Мамлекет башчысы айтылган кыргыз тараптын артыкчылыктарына тараптардын көңүлүн бурду.

Ошондой эле 2023-жылдын төртүнчү кварталында Минск шаарында өтө турган ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына даярдыктын жүрүшү талкууланды.

Связанный пост