Министр : Республика боюнча электр энергиясынын тартыштыгы 300-400 МВт түзөт

 Министр : Республика боюнча электр энергиясынын тартыштыгы 300-400 МВт түзөт

Жогорку Кеңеште “Элдик” депутаттык тобунун жыйынында депутаттар 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык жөнүндө, Кыргыз Республикасынын энергетика тармагынын учурдагы абалы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын энергетика тармагындагы өзгөчө кырдаал жөнүндө” жарлыгынын ишке ашырылышы тууралуу Министрлер кабинетинин маалыматын укту. 

Депутаттарга Энергетика министри Таалайбек Ибраев Кыргызстанда 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык тууралуу айтып, ГЭСтердеги абал, жылуулук борборлорун жана калкты көмүр-отун менен камсыздоо багытындагы маалыматтарга токтолду.

Талкуу учурунда депутат Арсланбек Малиев Кыргызстан энергетика тармагында импорттоодон качан арыларын жана ТЭЦ 2ни ишке киргизүү процессин тактады. Энергетика министри Таалайбек Ибраев 2027-жылы электр энергиясын импорттоодон кетүүнү пландап жатканын айтты. “Бүгүнкү күндө республика боюнча электр энергиясынын тартыштыгы 300-400 МВт түзөт. Эгерде жок дегенде бир күн станциясын ишке киргизсек, анда биз импорттон чыга алабыз”, – деди ал. Депутат Акбөкөн Таштанбеков Ысык-Ата районундагы айылдарды газдаштыруу, Новопокровка айылындагы мектептердин отканаларын көгүлтүр отко өткөрүү маселелерин белгиледи.

Ал эми эл өкүлү Жалолидин Нурбаев электр энергиясына болгон тарифтер, энергетика тармагынын өзүн-өзү камсыздоосу жана карыздар боюнча маселелерге кайрылды. Ошону менен катар Жалолидин Нурбаев Бишкек шаарынын жылуулук борборунун кышка толук даярдыгын сурады.

Кыргызстанда атомдук электр станциясын куруу боюнча министрликтин планын тактаган депутат Кубанычбек Самаков долбоор кайсыл аймакта жана качан ишке ашарын сурады. Муну менен катар депутат АЭСти курууда экологиялык жана коопсуздук маселелерине көңүл бурду.

Депутат Аманкан Кенжебаев Дача тибиндеги жерлерде жашаган тургундардын электр энергиясын колдонуу тартибин карап чыгуу маселесине токтолду. Мындан тышкары депутат Эсептөө палатасына кайрылып,  министрликтердин бюджеттик каражаттарды максаттуу пайдалануусун көзөмөлгө алууну күчөтүү жагын белгиледи.  Эл өкүлү Мирлан Самыйкожо Кыргыз-Көмүр мамлекеттик ишканасында жүргүзүлгөн аудиттик текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча укук коргоо органдарынан маалымат сурады. Ошондой эле депутат энергетика тармагындагы кадрлардын жетиштүүлүгүн, алардын эмгек маяналарын көтөрүү маселелерин кошумчалады.

Связанный пост