Миграциялык тартип бузган чет өлкөлүктөргө 31-июлга чейин мөөнөт берилди
Кыргызстанда миграциялык мыйзамдарды бузган чет өлкөлүктөр үчүн атайын жеңилдиктер киргизилди.
Ички иштер министрлигинен маалымдашкандай, үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан 31-июлуна чейин миграциялык мыйзамдарды бузгандыгы үчүн административдик жоопкерчиликке тартылбастан жана чыгуу визасын тариздөө үчүн консулдук акы төлөбөстөн Кыргызстандын аймагынан өз ыктыяры менен чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк берилет.
“Бул чара миграциялык абалды жөнгө салууга гана багытталган. Президенттин тиешелүү жарлыгы өлкөдөн өз ыктыяры менен чыгып кетүүгө гана укук берет жана Кыргызстандын аймагында болууну мыйзамдаштырууга негиз болуп эсептелбейт”, – деп айтылат маалыматта.
Буга байланыштуу Кыргызстандын аймагында болуу мөөнөтүн же миграциялык мыйзамдардын башка талаптарын бузган чет өлкөлүк жарандарга ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, өз укуктук абалын үстүбүздөгү жылдын аягына чейин өлкөдөн чыгып кетүү жолу менен өз убагында жөнгө салуу сунушталат.
Маалыматтарды тактоо жана суроолор боюнча ички иштер органдарынын төмөнкү түз байланыш телефондоруна кайрылууга болот:
- ИИМдин борбордук аппараты: 0704 037188; 0502 727270;
- Бишкек шаары: 0555 115577; 0708 049244;
- Ош шаары: 0706 178607;
- Ош облусу: 0773 076755;
- Чүй облусу: 0700 215915;
- Жалал-Абад облусу: 0755 323272;
- Ысык-Көл облусу: 0700 248448;
- Нарын облусу: 0702 889929;
- Талас облусу: 0703 890979;
- Баткен облусу: 0771 005808.
ИИМ чет өлкөлүк жарандарды миграциялык мыйзамдардын талаптарын так сактоого жана өздөрүнүн укуктук абалын өз убагында жөнгө салууга чакырат.