МЕСОПОТАМИЯ ЭКСПРЕСС: ТҮРКИЯНЫН ЖАҢЫ ЖАНА ПОПУЛЯРДУУ ТУРИСТТИК ПОЕЗД МАРШРУТУ

МЕСОПОТАМИЯ ЭКСПРЕСС:
ТҮРКИЯНЫН ЖАҢЫ ЖАНА ПОПУЛЯРДУУ ТУРИСТТИК ПОЕЗД МАРШРУТУ.

Түркиянын укмуштуудай кооздугун поезд менен изилдегиңиз келеби? Анда бул саякат үчүн, жаратылыш ойгонуп, Түркиянын ар бир бурчун укмуштуудай пейзажга айланткан жаз айлары өтө ыңгайлуу жана идеалдуу. Месопотамия Экспресс- Түркиянын эң жаңы туристтик поезд линияларынын бири, туристтерге эсте каларлык тажрыйбаларды алууга мүмкүнчүлүк берет.
Түркиянын борбор шаары Анкарадан башталып, түштүк-чыгыштын жүрөгү Диярбакырда аяктаган Месопотамия экспресси, 1051 километрлик уникалдуу саякат тажрыйбасын камсыздап, узак жол бою жүргүнчүлөргө Анадолунун символикалуу шаарларын жана жол бойлой кызыктуу пейзаждарды, белгилүү пункттарды изилдөөгө шарт түзөт.
Мындан тышкары, Месопотамия экспрессинин жүргүнчүлөрү Анкарадан Диярбакырга, Кайсери, Сивас, Малатия, Элазыг жана Бингөл аркылуу жалпы 24 саатка созулган саякатка күбө боло алышат. Аталган маршрут Кайсери жана Малатияда үч сааттык тыныгууну жана Элазыгда төрт сааттык токтоону камтыйт, бул конокторго эс алууга жана шаарлардын уникалдуу архитектурасын жана жагымдуу жергиликтүү табиттерин изилдөөгө убакыт берет. Поезддин жалпы сыйымдуулугу 180 жүргүнчүгө ылайыкталып, 9 керебеттүү жана бир тамактануучу вагону бар. Анда муздаткыч, жарыктандыруу жана жылытуу, даараткана, купелерде болсо жүргүнчүлөр үчүн атайын шкафтар камтылган.
Анадолу маданий жолдорундагы уникалдуу маршрут
Эржиес тоосунун этектеринде жайгашкан жана каттамдын эс алуу жайларынын бири болгон “Кайсери”, хетиттерден бери бир нече цивилизацияны башынан өткөргөн. Аталган шаардан саякатчылар,  борбордо жайгашкан орто кылымдагы сепил жана чептерден тышкары, Селжуктардын ар кандай жерлерин, анын ичинде Дөңер Күмбет, Улуу мечит жана Селжук цивилизациясы музейи жайгашкан Гевхер Несибе медресесин көрө алышат. Мындан тышкары, шаардын атактуу ашканасы, өзгөчө “манты” жергиликтүү тажрыйбаны изилдөөгө саякатчылар үчүн мыкты шарт тузүп берет десек да болот.
Экспресстин дагы бир аялдамасы болгон “Малатия”, өткөн тарыхта да,  бүгүнкү күндө да Месопотамия менен Анадолунун ортосундагы соода жана маданий алмашуунун кесилиши. ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине катталган Арслантепе дөбөсү шаардын тарыхый мурастарын далилдеп көрсөтүп турат. Тыныгуу учурунда жүргүнчүлөр шаардын Эски Малатья Улу мечити сыяктуу тарыхый имараттарын көрө алышат, ошондой эле Жезчилер базарынан колго жасалган жез буюмдарын сатып алып, Шире базарында жергиликтүү өрүктөрдүн даамын тата алышат.

Диярбакыр, Месопотамиянын байыркы шаары
Месопотамия экспресси зыяратчыларды уникалдуу окуяларга толгон кызыктуу саякаттан кийин Месопотамия маданиятынын жүрөгү болгон Диярбакырга алып барат. Цивилизация тарыхындагы эң маанилүү кадамдардын калыптанышы жана өнүгүшү да ушул жерде орун алып, 33 цивилизациянын орток маданиятын өзүнө камтыйт. Тактап айтканда,  Диярбакыр архитектурадан ашканага, салттуу искусстводон оригиналдуулукка чейин чексиз көп түрдүүлүктү тартуулайт. Шаардагы тарыхый Хасан Паша Иннинде эртең мененки тамактан кийин, ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк маданий мурастар тизмесине кирген Диярбакыр дубалдары жана Хевсел бакчалары маданий ландшафт аймагын зыярат кылуу зарыл. Шаардын башка кызыктуу жерлери: Улуу мечит, Сүлейман пайгамбар мечити, Ичкале археологиялык музейи, Зержеван сепили жана Митра храмы. Ошондой эле, шаардагы сепилдер, мейманканалар, чиркөөлөр жана мечиттер менен өзгөчөлөнүп турган Эгил районун жана Он Гөзлү көпүрөсүн (Дикул көпүрөсү/Он көздүү көпүрө) жана Малабади көпүрөсүн да көрө аласыз. Диярбакырдан кетээрдин алдында кабыргасы толтурулган жана бурма кадайыф десертин жасап , даамдап көрүңүз. Ошондой эле азыркы Гомер деп эсептелген эпикалык манасчылар Денгбежди да угууну сунуштайбыз.

 

Связанный пост