“Менин шаарым” тиркемеси Көчмөндөр оюндарына жол көрсөтөт
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу “Менин шаарым” мобилдик тиркемесинде “VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары” аттуу атайын бөлүм ишке кирди.
Мэриядан билдиришкендей, анда оюндун программасы, мелдештердин убактысы, шаттл-автобустардын каттамдары жана башка керектүү маалыматтар жайгаштырылды. Ошондой эле ачылыш аземине билеттерди сатып алууга болот.
“Колдонуучулар тиркемедеги “Суроо берүү” бөлүмү аркылуу адистерге түз кайрылып, керектүү маалымат ала алышат. Мындан тышкары, 1-сентябрдан тарта Ысык-Көл облусунда 1225 кыска номери, ошондой эле WhatsApp жана Telegram аркылуу +996 552 252 037 байланыш каналдары иштейт”, – деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, тиркеме конокторго иш-чараларга барууну алдын ала пландап, мелдеш өтүүчү жайларга жетүү үчүн ыңгайлуу каттамдарды тандоого жардам берет. “Бишкек Аренага” жеке унаалардын кирүүсүнө чектөө киргизилгендиктен, көрүүчүлөргө уюштурулган шаттл-автобустарды пайдалануу сунушталат.