Мектеп окуучулары үчүн телеканалдарга экскурсия уюштурулду

 Мектеп окуучулары үчүн телеканалдарга экскурсия уюштурулду
Алдыдагы Маалымат жана басма сөз күнүнө карата мектеп окуучулары үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарына экскурсия уюштурулду. Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин «Руханий-адептик өнүгүү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыгын аткаруу максатында өткөрүлдү.
Ленин районундагы төрт мектептин журналистикага жана радиожурналистикага кызыккан окуучулары ЭлТР, УТРК жана 5-канал телеканалдарына жана «Марал» радиосуна барып, журналисттердин ишмердүүлүгү менен таанышышты.
Окуучулар ар бир каналдын тарыхы, ишмердүүлүгү, чыгармачылык топтордун аткарган иштери тууралуу пайдалуу билим ала алышты.

Связанный пост