“МЭА” ААК Башкармалыгынын төрагасы Манас Самидинов “Ысык-Көл” жана “Каракол” эл аралык аэропортторунун ишинин жүрүшү менен таанышты
«МЭА» ААК Башкармалыгынын төрагасы – Башкы директору Манас Самидинов 10-июль күнү Ысык-Көл облусуна иш сапары менен барып келди. Сапардын максаты «Ысык-Көл» жана «Каракол» эл аралык аэропортторунун иштеринин жүрүшү менен таанышуу жана текшерүү болду.
Манас Самидинов Ысык-Көл облусунда жайгашкан аба майдандары тууралуу кеңири маалымат алып, аэробекеттердин иши менен таанышып өттү.
«Ысык-Көл» аэропортуна болгон иш сапар учурунда М. Самидинов аба майданынын баардык кызматкерлери менен жолугушуп, сууролоруна жооп берип, алдыга коюлган пландар менен бөлүштү.
Башкы директордун айтымында, жакынкы убакытта аэропорттун жабдуулары, техникасы модернизация жана жаңыртуу иштеринен өткөнү жатат. Андан тышкары, жакын арада «Ысык-Көл» аэропортунун аймагында жүк ташуу терминалы да ачылганы турат.
Жолугушуугун жыйынтыгында аэропорт кызматтарынын жетекчилерине алдыга коюлган маселелерди кыска мөнөттө чечүүгө буйрук берилди.
Каракол шаарына болгон иш сапарында Манас Самидинов «Каракол» аэропортунда жүрүп жаткан курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Эске салсак, азыр айтылган аба майданында жаңы аэробекет курулуп жаткан учур. Пландарга ылайык объект 2023-жылдын аягында ишке берилет.
Иш сапар алкагында аймактык аэропортторго көңүл максималдуу түрдө бөлүнөрүн Манас Самидинов белгилеп өттү.