“МЭА” ААК: Акыркы 3 жылда тейленген жүргүнчүлөрдүн саны 41%га өстү
«Манас» эл аралык аэропорту» ачык акционердик коомунун 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча маалыматты таркатты. Ага ылайык, 2021-2023-жылдар аралыгындагы «Манас» эл аралык аэропорту» ачык акционердик коомунун каттамдарынын жана жүргүнчүлөрүнүн динамикасы (учуп келүү/учуп кетүү):
Акыркы 3 жылда тейленген каттамдардын жалпы саны 27%га өстү.
Эл аралык каттамдар 31% көбөйдү.
Республика ичиндеги каттамдар 19%га өстү.
2023-жылдын алдын ала жыйынтыктары боюнча «Манас» эл аралык аэропорту» ачык акционердик коому тейлеген каттамдардын жалпы саны 42 871 түздү.
Акыркы 3 жылда тейленген жүргүнчүлөрдүн саны 41%га өстү. Эл аралык жүргүнчүлөрдүн агымы 53%га көбөйдү. Республика ичиндегижүргүнчүлөрдү ташуу 17%га өстү.
2023-жылдын алдын ала жыйынтыгыбоюнча «Манас» эл аралык аэропорту» ачык акционердик коому тейлегенжүргүнчүлөрдүн жалпы саны 5 606 912 жүргүнчүнү түзүп, 2022-жылга салыштырмалуу 480 985 жүргүнчүгө же 9%га көбөйдү.
2021-2023-жылдар аралыгындагы «Манас» эл аралык аэропорту» ачык акционердик коомунун жалпы кирешелеринин динамикасы:
2021-жылдан 2023-жылга чейин «Манас» эл аралык аэропорту» ачык акционердик коомунун жалпы кирешеси 52% га өскөн.
2023 жылдын алдын ала жыйынтыгы боюнча кирешенин жалпыкөлөмү
10,7 млрд сомду түзөт, бул 2022-жылга салыштырмалуу кирешенин 1,7 млрд сомго же 20%га көбөйгөндүгүн билдиребиз.
2021-2023-жылдар аралыгын дагы консолидацияланган таза пайдасынын динамикасы:
2021-жылдан 2023-жылга чейинки мезгилде таза пайданын көрсөткүчү 48%га өстү жана 2023-жылга карата финансылык-экономикалык ишмердүүлүктүн алдын ала жыйынтыгы боюнча 6 млрд сомду түздү.
2022-жылга салыштырмалуу таза пайданын өлчөмү 700 млн сомго же 13% га көбөйгөн.
2021-2023-жылдар аралыгындагы «Манас» эл аралык аэропорту» ачык акционердик коомунун капиталдык салымдары:
2023-жылга карата капиталдык салымдар жана негизги каражаттарды сатып алуунун жалпы суммасы 5 258,8 млн сом түздү.
2023-жылы жалпы чыгашаларды каржылоо 2022-жылга салыштырганда 4 399,2 млн сомго же 6 эсеге көп жана 2021-жылга салыштырмалуу 5 040,1 млн сомго же 24 эсеге көп болгондугун билдиребиз.
Авиациялык ишмердүүлүк жана маршруттук тармактарды өнүктүрүү.
Азыркы учурда «Манас» эл аралык аэропорту» ачык акционердик коому 26 авиакомпания менен кызматташат, алардын ичинен 3 ата мекендик, 23 эл аралык авиакомпаниялар.
Бүгүнкү күндө «Манас» эл аралык аэропорту» ачык акционердик коомунун аэропортторунун маршруттук тармагы 40 багытты камтыйт: 36 багыт – эл аралык аба каттамдары боюнча, 4 багыт – ички аба каттамдары боюнча.
2023-жылы төмөнкү багыттар боюнча 7 жаңы үзгүлтүксүз жүргүнчү каттамдары ачылды:
- Сиань-Бишкек-Сиань;
- Абу-Даби-Бишкек-Абу-Даби;
- Сеул-Бишкек-Сеул;
- Анкара-Бишкек-Анкара;
- Баку-Бишкек-Баку;
- Джидда-Бишкек-Джидда;
- Чэнду-Бишкек-Чэнду.
«Манас» эл аралык аэропорту» ачык акционердик коому 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Иш-чаралар планы боюнча ири долбоорлорду ишке ашырды:
- «Нарын» аэропортунун жаңы аэробекетинин курулушу» долбоорун ишке ашырдык. Азыркы учурда аэробекеткекеректүү жабдууларды орнотуу иштерин, аэродромдун төшөлмөсүн, учуп-конуу тилкесин, рулеждук жолчосун жана перронун оңдоо, калыбына келтирүү иштерин жүргүзүп жатабыз.
- 2023-жылдын апрель айында «Баткен» эл аралык аэропортунун аэродромунун элементтерин реконструкциялоо иштеринаяктадык. «Баткен» аэропортунун аэродрому пайдаланууга берилди.
- «Каракол» эл аралык аэропортунун аэродромунун төшөлмөсүн реконструкциялоо менен бирге анын учуп-конуу тилкесин узартуу жана жаңы аэробекет комплексин куруу боюнчаиштерин жүргүзүп жатабыз.
- «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунун жаңы аэробекет комплексин куруу иштерин баштадык.
2023-жылы «Манас» эл аралык аэропорту» ачык акционердик коому аэропорттордун инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча ири долбоорлорду ишке ашырды:
⎯ «Талас», «Казарман», «Жалал-Абад» аэродромдорунун асфальт-бетон төшөлмөлөрүн, учуп-конуу тилкелерин рулеждук жолчолорун жана учак токтоочу жайларын оңдоо, калыбына келтирүү иштери аткарылды;
⎯ «Талас» аэропортунун жаңы аэробекети курулду;
⎯ «Караван» аэропортунун аэродромунун асфальт-бетон төшөлмөсүн, учуп-конуу тилкесин, рулеждук жолчосун жана перронун оңдоо, калыбына келтирүү иштери жасалды;
⎯ «Раззаков» аэропортунун перронун жана рулеждук жолчосун кеңейтүү» долбоору боюнча долбоорлоо – сметалык документтери иштелип, аягына чыкты;
⎯ «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунун учуу талаасын селден коргоочу дамбанын курулушу аяктады жана аэропорттун учуу тилкесинен суу түтүк арыгынын электр жана байланыш түйүнүн алып салуу» долбоору боюнча курулуш иштербүткөрүлдү;
⎯ «Ош» эл аралык аэропортунун аэродромуна ILS инструменталдык конуу системасы орнотулду.
2023-жылдын 11-сентябрынан баштап 25-сентябрына чейин Кыргыз Республикасында Эл аралык жарандык авиация уюму (ИКАО) тарабынан учуу коопсуздугунун аудити өткөрүлдү.
Кыргызстан Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) аудитинен ийгиликтүү өттү. Бул Евробиримдиктин кара тизмесинен чыгууга жардам берет. ИКАО аудити Кыргызстандын авиация тармагы бардык эл аралык стандарттарга жана талаптарга жооп бере тургандыгын тастыктады жана мамлекет жарандык авиациянын инфратүзүмдүк базасын жакшыртууга жана заманбап технологиялар менен камсыз кылууга олуттуу жана чечкиндүү кадамдарды жасап жатканын белгиледи.
Кыргыз Республикасынын Президенти, урматту Садыр Нургожоевич Жапаровдун демилгеси менен «Манас» эл аралык аэропорту» ачык акционердик коомубиринчи жолу өз эсебинен эки учак сатып алуу келишимине кол койду.
Dash-8-Q400 үлгүсүндөгү учак келишимине расмий кол коюу аземи 10-сентябрда Брюсселде De Haviland Aircraft of Canada өндүрүүчү компаниясы менен болду.
Бул учактарды алуу Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясын өнүктүрүүнүн негизги кадамы болуп, ички каттам түйүндөрүн кеңейтүүгө жана өлкөнүн ичинде калкты авиациялык тейлөөнүн деңгээлин олуттуу жогорулатууга мүмкүндүк берет.
De Haviland Aircraft of Canada компаниясы эки учакты келерки жылдын май айында жеткирип бермекчи. Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана жарандык авиациясынын талаптарына ылайык аларды модификациялоо боюнча иштеринжүргүзүп жатабыз.
«Манас» эл аралык аэропорту» ачык акционердик коому жаңы учактарды алуу менен социалдык көйгөйлөрдү чечип, ички каттамдардагы авиабилеттердин жеткиликтүүлүгүнө жардам берет.
2023-жылдын 29-июнунда жаңы Bombardier Dash-8-Q400 учактары менен учууларды аткара турган «Асман Эйрлайнс» туунду авиакомпаниясы түзүлдү.