МБК 2023-жылдын июнь айында 9,8 млрд сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн камсыздаган. План 106,1%га аткарылды

 МБК 2023-жылдын июнь айында 9,8 млрд сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн камсыздаган. План 106,1%га аткарылды
МБК 2023-жылдын июнь айында 9,8 млрд сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн камсыздаган. План 106,1%га аткарылды. Бул тууралуу МБКнын басма сөз кызматы маалымдады.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы 2023-жылдын июнь айында республикалык бюджетке иш жүзүндө 9,8 млрд сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн камсыз кылды.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан белгиленген пландык көрсөткүчтөр 106,1%га аткарылды же 558,4 сомго ашыкча жыйналды.
2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу түшүү 1,4 млрд сомго көбөйдү, же өсүү темпи 117,3%ды түздү.

Связанный пост