Манаста 6,8 млрд сомго бааланган филармониянын курулушу токтотулду

 Манаста 6,8 млрд сомго бааланган филармониянын курулушу токтотулду

Манас шаарында 6,8 млрд сомго бааланган филармониянын курулушу убактылуу токтотулду. Бул тууралуу курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев билдирди.

Ал бул каражатка аймактагы мектептерди жаңылоо пайдалуу болот деп эсептейт.

“Бир филармонияны курууга караганда авариялык абалдагы мектептерди жаңылоо артык. Учурда Жалал-Абад облусунун аймагында жалпы 27 мектеп авариялык абалда турат жана дагы 3 бала бакча жаңы имаратка муктаж. Ушуга байланыштуу Манас шаары үчүн 6,8 млрд сомго бир ири филармония курууга караганда, аталган каражатты зарыл болгон социалдык муктаждыктарга багыттап, ондон ашык жаңы мектепти куруу – убакыт талабына жооп берген туура чечим болуп эсептелет”, – деди министр.

Орунтаев филармония куруу долбоору кайрадан каралып чыгарын белгиледи.

“Аймактын өзгөчөлүгүн жана муктаждыктарын эске алуу менен келечекте чакан форматтагы филармония куруу мүмкүнчүлүгү да каралат”, – деди ал.

Связанный пост