Манас шаарында учурда 5 миңден ашуун ипотекалык батир курулууда

 Манас шаарында учурда 5 миңден ашуун ипотекалык батир курулууда

Жалал-Абад облусунда турак жай курулушу активдүү жүрүүдө. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Манас шаарынын жана Сузак районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышканда маалымдалды.

Белгиленгендей, 1 140 батирге ылайыкталган “Асман-Резиденс-7” жана 600 батирлүү “Асман-Резиденс-8” ипотекалык турак жай комплекстеринин курулушу аяктады.

Буга чейин “Асман-Резиденс-1, 2, 3, 4, 5, 6” комплекстеринен батирлер пайдаланууга берилген.

Учурда жалпы 5 320 батирге ылайыкталган “Асман-Резиденс-9, 10, 12, 13, 16, 17” комплекстеринин курулушу уланууда.

Связанный пост