Манас шаарында чек ара кызматташтыгын кеңейтүүгө багытталган жыйын өттү
Бүгүн, 30-октябрда Манас шаарында чек ара аскерлеринин колбашчыларынын кеңешинин (ЧАКК) 91-отуруму өттү.
Чек ара кызматынан маалымдашкандай, иш-чарага КМШга мүчө мамлекеттердин сегиз чек ара ведомствосунун (Азербайжан, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан), ЧАКК Координациялоо кызматынын делегациялары, КМШнын өз ара кызматташкан органдарынын, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун катчылыгынын, ШКУнун Аткаруу комитетинин Аймактык антитеррордук түзүмүнүн, Чек ара кызматынын ардагерлеринин коомдук бирикмелеринин эл аралык союзунун жетекчилери жана өкүлдөрү, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, облус жетекчиси Тилек Текебаев катышты.
Отурум Чек ара аскерлеринин колбашчыларынын кеңешинин төрагасы, Россиянын Чек ара кызматынын жетекчиси Владимир Кулишовдун жетекчилигинде өттү.
Алгачкы ирет жыйынга Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арага чектеш аймактарынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана жетекчилери катышкандыгы алардын чек ара коопсуздугун бекемдөөгө жана конструктивдүү көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө болгон умтулуусун айгинелей тургандыгы белгиленди.
Отурумда КМШга мүчө мамлекеттердин тышкы чек араларындагы учурдагы жагдай талдоого алынды жана чек ара коопсуздугун бекемдөөгө багытталган кошумча чаралар аныкталды. ЧАКК 2025-жылдагы ишмердигинин жыйынтыгын чыгарып, тапшырмаларды, биргелешкен атайын чек ара операцияларын уюштуруу жана өткөрүү боюнча пландарды аныктады.
Мындан тышкары, мамлекеттер аралык автоматташтырылган маалымат алмашуу системасын өркүндөтүү, биргелешкен илимий-изилдөө ишмердүүлүк жана кадрларды даярдоо маселелерине көңүл бурулду.
Ошондой эле КМШга мүчө мамлекеттердин тышкы чек араларын кайтарууда жана коргоодо өзгөчөлөнгөн аскер кызматчылары сыйланды.
Отурумдун жыйынтыгында чек ара коопсуздугун мындан ары бекемдөөгө жана көп тараптуу чек ара кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган 22 чечим кабыл алынды.