“Манас” эпосу музейинин санариптик эгизинин бет ачары өттү

“Манас” эпосу музейинин санариптик эгизинин бет ачары болду.

Маданият министрлигинен билдиришкендей, бүгүн, 27-мартта “Манас” улуттук академиясынын демилгеси жана каржылык колдоосу менен даярдалган “Манас Ордо” улуттук комплексинин “Манас” эпосу музейинин санариптик эгизинин бет ачары, Инновациялык борбордо болуп өттү.

Блгиленгендей, бул долбоордун жардамы менен дүйнөнүн кайсы жеринде болбосун, Кыргызстанга, “Манаска” кызыккан жөнөкөй турист, сыртта жүргөн миллиондогон мекендештерибиз “Манас” эпосу музейин кыдыра алат. “Санарип эгиз” долбоору Кыргызстандын маданий мурастарын санариптештирүүдөгү маанилүү кадам болуп, кызыккандарга Үчилтик боюнча кенен маалымат алууга, музейге виртуалдык экскурсия жасоого жана анын бай экспонаттары менен таанышууга мүмкүнчүк түзөт.

Иш-чарага министрликтин өкүлдөрү, Улуттук кеңештин мүчөлөрү, эл жазуучулары, коомдук бирикмелердин өкүлдөрү, маданиятка эмгек сиңирген ишмерлер, манасчылар музейлердин жетекчилери, профессорлор жана студенттер катышты.

Иш-чарада келген коноктор долбоордун маанилүүлүгүн белгилеп, санариптештирүүнүн маданий мурастарды сактоодогу орду жана “Манас” эпосунун дүйнөлүк маданий мейкиндикте татыктуу орун алышына кошо турган салымы тууралуу пикирлерин билдиришти.

“Санарип эгиз” инновациялык долбоору– жаңы ыкмалардын жардамы менен “Манас” эпосун даңазалоо.

Маалымат үчүн: Музейдин санариптик эгизи– бул инновациялык чечим, ал колдонуучулар үйдөн чыкпай эле “Манас” эпосунун мааниси жөнүндө маалымат, каармандар тууралуу кабар алып, тарыхка саякат жасоого мүмкүндүк берет. Виртуалдык платформа-маданий мурастарды муундар үчүн сактап, дүйнөнүн картасында Манас ааламын аныктап, белгилеп бекемдегенге шарт түзөт.

“Манас” улуттук академиясы бул сыяктуу долбоорлорду ишке ашырууну улантып, улуттук руханий мурасты илимий жана заманбап усулдар менен изилдөө, жайылтуу жаатында иш адып барууну уланта бермекчи”,-деп айтылат маалыматта.

Связанный пост