«Манас» бажысы 51 килограммдан ашык салмактагы алтын куймаларын мыйзамсыз алып чыгууга бөгөт койду
«Манас» бажысынын кызматкерлери КР УКМКнын 6-башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте бажы мыйзамдарын бузуу фактысын аныкташты.
2023-жылдын 9-ноябрында болжол менен саат 04:00 чамасында «Манас» аэропортунун аэровокзалдык комплексинин имаратында VIP жүргүнчүлөрдү тейлөө зонасында документтерди жана коштоп жүрүүчү жүктү текшерүүдө, БАЭнин Дубай шаарына учууну көздөгөн С.А. токтотулган.
Жүктүн ичиндегилерди текшерип кароо учурунда бажы органына декларацияланбаган жалпы салмагы 51 кг 866 граммды түзгөн 6 бирдик сандагы алтын куймасы аныкталган.
Жүк бажы жагынан жол-жоболоштурулган, ошондой эле КР аймагына/аймагына алып келүүнүн жана алып чыгуунун мыйзамдуулугун тастыктаган уруксат жана товар коштоочу документтери жок болгон.
Факт КБР МКЖ АДСга катталып, материалдар маңызы боюнча кароо үчүн КР Башкы прокуратурасына өткөрүлүп берилди.