“Манас” аэропортунда TezJet учагы кырсыкка кабылды
Бишкектеги “Манас” эл аралык аэропортунда TezJet авиакомпаниясынын учагы менен окуя катталды. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ААКсынан билдиришти.
Алдын ала маалыматтар боюнча, учактын ичинде 181 жүргүнчү болгон. Учак абага көтөрүлүүгө аракет кылып жатканда арткы шассилеринин бири сынып, анын кесепетинен аба кемеси сол канатына кыйшайып, учуп-конуу тилкесине кулап түшкөн.
Учактагы бардык жүргүнчүлөр тез арада эвакуацияланды. Окуянын кесепетинен оор жаракат алгандар жок.
“Бир нече адам жеңил жаракат алган. Учурда дарыгерлер аларга аэропорттун биринчи кабатындагы, Ош секторунун учуп келүү аймагында биринчи медициналык жардам көрсөтүп жатышат.
Окуя болгон жерде өрт өчүрүүчүлөр жана аэропорттун ыкчам кызматтары иштеп жатат. Учурда “Манас” эл аралык аэропортунда бардык каттамдар саат 22:00гө чейин убактылуу токтотулду”, — деп билдиришти компаниядан.
Белгиленгендей, авиациялык кырсыктын себептерин жана жагдайларын иликтөө менен Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги алектенет.