Мамлекеттин катышуусу менен соода компаниясы түзүлдү

 Мамлекеттин катышуусу менен соода компаниясы түзүлдү

КРнын экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев жана анын орун басары Назарбек Малаев брифинг беришти. Иш-чарада ЖМКнын ѳкүлдѳрүнѳ мамлекеттин катышуусу менен түзүлгѳн соода компаниясы тууралуу кенен маалымат берилди.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги 2024-жылдын 23-августундагы № 499-р Министрлер кабинетинин Токтомуна ылайык, уставдык капиталына мамлекет толук катышкан Кыргыз Республикасынын Соода компаниясынын (КРСК) түзүлгөндүгүн жарыялайт. Бул компанияны негиздеген орган катары Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги көрсөтүлгөн.

КРСК өлкөнүн экономикалык коопсуздугун чыңдоо максатында түзүлдү. Компаниянын негизги функциялары катары каржылык операцияларды, анын ичинде эл аралык өнөктөштөр менен валюталык которууларды жана эсептешүүлөрдү уюштуруу жана көзөмөлдөө, валюталык тобокелчиликтерди башкаруу жана каржылык туруктуулукту камсыздоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эл аралык аренада алга жылышына салым кошуу белгиленген.

Компания Кыргыз Республикасынын аймагына кирбей турган кыргызстандык компаниялардын товарлары менен байланышкан соода агымдарын көзөмөлдөйт. Бул чара мындай соода операцияларын тартипке салуу жана эл аралык соодага тиешелүү каржылык келишимдердин аткарылышын камсыз кылуу максатын көздөйт.

Эске салсак, 2024-жылдын 4-сентябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы № 2024-П-14/41-3-(ПС) токтомун кабыл алып, ага ылайык, бир жылдык мөөнөткө финансылык уюмдар үчүн чектөө киргизилген. Эми алар чет мамлекеттерден же чет мамлекеттерге жөнөтүлгөн, Кыргыз Республикасынын аймагына чыныгы жеткирилбеген товарлар жана кызматтар боюнча келишимдердин негизинде эсептешүүлөрдү жүргүзө алышпайт. Бул чектөө Министрлер кабинети тарабынан белгиленген ыйгарым укуктуу мамлекеттик компанияларга тиешелүү эмес.

Белгилей кетүүчү нерсе, бул чектөө Кыргызстандын аймагына физикалык жана юридикалык жактар тарабынан жүргүзүлгөн жеткирүүлөргө, ошондой эле жеке колдонуу үчүн электрондук соода аркылуу жасалган сатып алууларга тиешелүү эмес.

Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укук берилген жаңы Соода компаниясы эми Кыргыз Республикасынын аймагына чыныгы жеткирүүсүз соода операцияларын жүргүзүүгө укуктуу. Мурда мындай соода жүргүзүп келген компаниялар эми операцияларын ушул жаңы түзүм аркылуу жүргүзүүгө милдеттүү.

Улуттук банктын Токтомуна байланышкан трансчегаралык төлөмдөрдү жүргүзүү тартиби боюнча суроолор менен ТККРдин расмий сайтына https://tradeco.kg кайрылсаңыз болот, анда “Арыз” бөлүмү аркылуу арыз берүү мүмкүнчүлүгү бар.

Байланыш маалыматтар: ТККР, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Панфилов көчөсү, 178, 4-кабат, 406-кеңсе. Байланыш борбору: +996 554 154 150.

Связанный пост