Мамлекеттик салык кызматына жеке жактарды камералык текшерүүнү токтотууну тапшырды

 Мамлекеттик салык кызматына жеке жактарды камералык текшерүүнү токтотууну тапшырды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров “Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу механизмин тартипке келтирүүгө багытталган тескемеге кол койду.

Чечимге ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматына “Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мүлктү ыктыярдуу декларациялоо мөөнөтү аяктаганга чейин, жеке жактарды салык мыйзамдарынын талаптарын сактоо, Мыйзамга ылайык түзүлгөн атайын декларацияда көрсөтүлгөн активдерди сатып алуунун, пайдалануунун же тескөөнүн анын ичинен кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү сатуунун натыйжасында келип чыккан салыктарды төлөөгө байланышкан камералдык текшерүүлөрдү токтотуу тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматына “Ыктыярдуу легалдаштыруу жана жеке адамдардын мүлкүнө мунапыс берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонуу тартиби боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.

Мыйзамдын максаттары жеке жактардын аларга таандык мүлкүн, анын ичинде башка жактардын атына номиналдуу катталган мүлктөрүн же мүлкүн декларациялоо учурунда Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары болуп калган жеке тараптарды, ыктыярдуу декларациялоо жолу менен легалдаштыруунун укуктук механизмин түзүү аркылуу жеке жактардын мүлкүн жана кирешелерин мыйзамдуу экономикалык жүгүртүүгө тартуу; Кыргыз Республикасынын экономикасына ички жана тышкы инвестицияларды көбөйтүү; көмүскө экономиканын үлүшүн кыскартуу; активдердин сакталышынын кепилдиктерин камсыз кылуу жана алардын ээлерин ушул Мыйзамда каралган мүлктү ыктыярдуу декларациялоо киргизилгенге чейин келип чыгышы мүмкүн болгон мыйзам талаптарын бузуулар үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан жоопкерчиликке тартуудан коргоо экенин белгилей кетели.

Мүлктөрдү ыктыярдуу декларациялоо мөөнөтү «Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу түрдө легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө кирген күндөн тартып кийинки 12 айды түзөт.

Связанный пост