Мамлекеттик маанидеги иш-чаралар учурунда ЖКККББнын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барат
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлерине башкы башкармалык тарабынан 12-13-октябрь күндөрү борбор калаабызда өтүүчү Көз карандысыз мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны учурунда, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча өздүк курамга саптык кароо өткөрүлдү. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы маалымдады.
Анда, кызматкерлердин кийген формасынан тартып, атайын каражаттарын, кызматтык унаалардын техникалык абалдарын, бекитилген аймактага кайгуул күзөт чарчыларын жана жалпы кызматтык даярдыгы текшерилди. Ошондой эле, чет өлкөлүк мамлекет башчыларын жана өкүлдөрүн тосуп алуу жана коштоп жүрүү учурунда кызматтык тартипти жана нускамада көрсөтүлгөн талаптарды так сактоо эскертилди.
Эскерте кетсек бул мамлекеттик маанидеги иш-чараларды өткөрүүгө ЖКККББнын Бишкек жана Чүй облустарынан сырткары өлкөнүн башка аймактарынан да кызматкерлер тартылып, күчөтүлгөн тартипте иш алып барат.