Мамкурулуш Ысык-Көл районунда 146 мыйзамсыз эс алуучу жайларды аныктады

Мамкурулуш Ысык-Көл районунда 146 мыйзамсыз эс алуучу жайларды аныктады. Сот органдарына материалдар өткөрүлөт. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен маалымдашты.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги (мындан ары – Мамкурулуш) Кыргыз Республикасынын Президенттинин №131 “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында облустагы эс алуучу жайларды, пансионаттарды курулуш ченемдерди жана архитектура жана шаар куруу жаатындагы мыйзамдарды сактоосун инвентаризацияны аяктады. Андан тышкары саркындуу сууларды тазалоочу курулмарын мониторингдөө процесси жыйынтыкталды. Жогоруда аталган процессти Мамкурулуштун ведомстволор аралык комиссиясы жүргүздү.
Комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун аймагында бардыгы болуп 146 объект аныкталды, анда шаар куруу жана архитектура жаатындагы мыйзам бузуулар катталган. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексинин 254-беренесинин биринчи бөлүгүнүн негизинде, Мамкурулуштун облустук архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы тарабынан 146-объект боюнча материалдар сот жана укук коргоо органдарына жөнөтүлөт.

Связанный пост