Мамкатчы окуучуларга мамлекеттүүлүктү түптөгөн аталар жана “Манас” эпосу жөнүндө ачык сабак өттү

Бүгүн Бишкектеги Абдэль Азиз атындагы №67 мектебинде Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшүнүн 100 жылдыгын белгилөөнүн алкагында мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов окуучуларга “Мамлекеттүүлүктү түптөгөн аталар жана “Манас” эпосу жөнүндө маек” темасындагы ачык сабак өтүүдө.

Zoom платформасы аркылуу өтүп жаткан сабакка билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев, № 67 мектептин директору Нургүл Жумалиева жана мектептин мугалимдери, ошондой эле 100 мектептен миңдеген окуучу катышууда.

Сабактын максаты билим берүүгө чоң салым кошкон улуу инсандар жана “Манас” эпосу жөнүндө маалымат берүү, мындан тышкары, балдарга билимдин маанилүүлүгү жөнүндө түшүндүрүү, Кыргызстандын тарыхына жана азыркы заманга карата өзүнүн жарандык позициясын калыптандыруу болуп эсептелет.

Мамлекеттик катчы өз сөзүндө азыркы Кыргызстандын калыптанышынын жана өнүгүшүнүн башатында турган кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталарыбыздын салымын өзгөчө белгиледи.

“1917-жылдагы Октябрь революциясынан кийин азыркы биз билген өзбек, тажик, казак, түрмөн, каракалпак жана башка боордош элдердин баары Россия Союздук Федерациясынын курамында болгон. Ошол жылдардан баштап биздин Абдыкерим Сыдыков, Ишеналы Арабаев, Иманалы Айдарбеков, Абдыкадыр Орозбеков, Жусуп Абдрахманов, Төрөкул Жанузаков, Касым Тыныстанов, Төрөкул Айтматов, Баялы Исакеев өңдүү аталарыбыз кыргыз элинин өз алдынча, эркин, эгемен мамлекет болушун демилгелеп, ар кандай аракеттерди көрүп, РСФСР жетекчилигине “кыргыз деген өзүнчө маданияты, өзүнө тиешелүү жери бар, өзүнчө эл” деп кайра-кайра кат жазып жүрүп, акыры Кара-Кыргыз автономдуу облусу катары 1924-жылы 14-октябрда бөлүп чыгышкан. Бул жерде баса белгилей кете турган нерсе, аталарыбыз ошол кезде болгону 20-30 жашта эле болгон”, – деди мамлекеттик катчы.

Связанный пост