Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү 2026-жылдан тарта жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөргө алмаштырууга болот

 Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү 2026-жылдан тарта жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөргө алмаштырууга болот

Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев түз эфир учурунда мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдүн тагдыры тууралуу айтып берди.

Ал белгилегендей, мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү 2026-жылдан тарта жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөргө алмаштырууга болот.

“Жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк алууда айдоочулар кайрадан экзамен тапшырбайт жана эч кандай төлөм төлөнбөйт. Мунун баары акысыз жана экзаменсиз болот. Ал эми мурда 10 жылга берилген күбөлүктөрдү мөөнөтү аяктаганга чейин колдоно берсе болот. Мөөнөтү аяктагандан кийин Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттикте жаңыртылат”, — деди ал.

Связанный пост