Мүлк салыгын онлайн төлөөнүн оңой жолу
Салык төлөөчүлөр Салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу мүлк салыгын төлөй алышат.
Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына караганда, салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу мүлк салыгы төмөндөгүдөй тартипте төлөнөт:
- Салык төлөөчүнүн кабинетине киресиз.
- Башкы беттеги “Салыктык милдеттенмелер” бөлүмүндө учурдагы салык мезгили үчүн эсептелген мүлк салыгынын суммасы көрсөтүлөт.
- Төлөм жүргүзүлө турган мүлк объектисин тандаңыз.
- Мүлк объектиси тандалгандан кийин система төлөнүүгө тийиш болгон эсептелген мүлк салыгы тууралуу маалыматты көрсөтөт.
- “Төлөө” баскычын басыңыз. Система автоматтык түрдө төмөнкүлөрдү түзөт:
- төлөм жүргүзүү үчүн QR-кодду;
- тандалган салык түрү боюнча төлөм жүргүзүү үчүн банктык реквизиттерди (эсептик эсепти).
- Төлөмдү өзүңүзгө ыңгайлуу болгон ыкма менен QR-код же банктык реквизиттер аркылуу жүргүзсөңүз болот.
Мүлк салыгы боюнча эсептөө жөнүндө билдирүү – тиешелүү салык мезгили үчүн эсептелген мүлк салыгынын суммасы тууралуу маалыматты камтыган документ.
Билдирүүнүн басып чыгарууга ылайыктуу нускасын көрүү үчүн төмөнкү кадамдарды аткарыңыз:
- Салык төлөөчүнүн кабинетине кириңиз.
- Башкы беттен “МСК менен кат алышуу” бөлүмүнө өтүңүз.
- “Билдирүүлөр” бөлүмчөсүн ачыңыз.
- “МСКнын билдирүүлөрү” бөлүмүн тандаңыз.
- “Мүлк боюнча МСКнын билдирүүсү” документин ачыңыз.
Бул бөлүмдө мүлк салыгы боюнча эсептөө жөнүндө билдирүүнүн басып чыгарууга ылайыктуу нускасы жеткиликтүү. Зарыл болгон учурда документти көрүүгө, жүктөп алууга же басып чыгарууга болот.
Эскерте кетсек, ушул жылдын 1-сентябрына чейин төмөнкү салыктарды төлөө керек:
– турак үйлөргө, батирлерге салык (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган);
– үй жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарба жер участокторуна салык.
Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.