Ленин районунда шайлоо боюнча штабдын жыйыны өттү

 Ленин районунда шайлоо боюнча штабдын жыйыны өттү

Муниципалдык администрациянын жыйындар залында Ленин районунун акими Жыргалбек Шакиевдин төрагалыгында Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясына жана округдун участкалык шайлоо комиссияларына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдөө материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу, уюштуруу маселелерин чечүүдө көмөк көрсөтүү боюнча райондук штабдын жыйыны болуп өттү.

Райондук шайлоо участкаларын материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу, ар бир шайлоо участкасында санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталышы жана башка маселелер талкууланды.

Штабдын жыйынтыгы менен шаардык жана райондук кызматтарга УШКларды материалдык-техникалык жактан камсыздоо процессин тездетүү, ошондой эле шайлоого кийлигишүүгө жол бербөө боюнча кызматкерлер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.

Урматтуу шаар тургундары, белгилей кетсек Ленин районунун бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайрадан шайлоо 2023-жылдын 10-сентябрында өтөт.

Связанный пост