“Үрөн жөнүндө” Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилди

 “Үрөн жөнүндө” Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Үрөн жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2023-жылдын 22-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 8-февралындагы № 26 «Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын аткаруунун алкагында даярдалган, жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагына үрөндөрдү алып келүүнүн тартибин белгилөө, ошондой эле редакциялык-тактоочу мүнөздөгү өзгөртүүлөр каралган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Связанный пост