Ленин райондук милициясы 2024-жылы аялдарга зомбулук боюнча 35 кылмыш иш козгогон

 Ленин райондук милициясы 2024-жылы аялдарга зомбулук боюнча 35 кылмыш иш козгогон

Аялдарга карата зордук-зомбулук жана сексуалдык мүнөздөгү кылмыш иштери боюнча Бишкек шаарынын Ленин районунун ички иштер бөлүмү тарабынан 2024-жылы 35 кылмыш иш козголгон. Бул тууралуу Ленин райондук прокуратурасы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, анын ичинен 26 кылмыш иш соттук кароого жиберилип, 6 кылмыш иши өндүрүштөн кыскартылып, ал эми 3 кылмыш иш өндүрүштөн токтотулган.

“Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратурасы аялдарга карата жасалган зордук-зомбулук жана сексуалдык мүнөздөгү кылмыш иштерин тергөөдө өзгөчө көңүл буруу менен көзөмөлгө алып келет жана тергөө органдарына тергөө амалдарын аткаруу үчүн иш жүзүндө көрсөтмөлөр берилип, алар боюнча айыптоо актыларын бекитүүдө да терең маани берилет”,- деп жазылат билдирүүдө.

Связанный пост