Лейлекте чакан ГЭС пайдаланууга берилди
Лейлекте чакан ГЭС пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл аймагындагы Жаңгакты суусуна “Белес” чакан ГЭСи курулду. “Белес-Суу” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан курулган ГЭСтин кубаттуулугу 0,54 МВт.
ГЭСке суу жеткирүү үчүн узундугу 2250 м болгон канал курулган. Объект саатына 0,54 МВт электр энергиясын өндүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Өндүрүлгөн электр энергиясын калкка жеткирүү үчүн жогорку чыңалуудагы электр чубалгысы тартылып, Лейлек райондук электр тармагынын “Белес” фидерине кошулган.
ГЭСтин курулушуна 1,3 млн АКШ доллары инвестиция болгон. 20 жумуш оруну түзүлгөн.
Белгилей кетсек буга чейин Кадамжай районунун Майдан айыл аймагында “Исфайрам-1” чакан ГЭСи курулуп, 31-августта пайдаланууга берилген.
Учурда Майдан айыл аймагында, Кожо-Кайыр каналынын нугунда 300 КВт кубаттуулуктагы сметалык баасы 300 миң долларды түзгөн долбоордун курулуш иштери аяктоодо.
Облуста чакан ГЭСтерди куруу менен, электр энергиясына болгон муктажыкты жеңилдетүү мерчемделген. Баткен облусунда суудан эле эмес, шамалдан жана күн нурунан электр энергиясын өндүрүү боюнча инвесторлордон сунуштар түшүп, долбоорлор иштелүүдө.